а) Мен баарын түшүндүм б) Күз мезгили мага жакчу в) Сен келип калдың беле г) Ал жакшы эле түшүндү
9. Айтылыш максаты боюнча сүйлөмдүн түрүн белгиле. Тур, тезирээк жазып бүтүр.
а) суроолуу б) буйрук в) жай г) атама
10. Айтылыш максатына карай сүйлөмдүн түрүн белгиле. Ысык-Көл эң тунук көлдөрдүн бири.
а) суроолу б) татаал в) илептүү г) жай
11. Суроолуу сүйлөмдү белгиле.
а) Кыш мезгили мага абдан жагат б) Кыш айы кандай кереметүү в) Кыш мезгили силерге жагабы г) Кыш эмнегедир өтө суук болду
12. Илептүү сүйлөмдү белгиле.
а) Сен бүгүн сабакка барасыңбы б) Эң таттуу алманы мен жедим в) Бул сөздү угуп, карышкыр артын карабай качып кеткен экен г) –Чычкан, чычкан, кандай күлүксүң да, кандай шамдагайсың
13. Үтүр белгисин туура коюңуз. О (1) сен бат эле келдиң (2)кап (3) биринчи (4)барсам (5)болмок экен.
а) 1, 2, 3 б) 1, 2, 4 в) 2, 4, 5 г) 2, 3, 5
14. Интонациянын негизги элементин белгилеӊиз.
a) тамга б) сөз в) басым, тыным г) ташымал
15. Тар, арык, кыска – бул сөздөрдүн антонимдерин белгилеӊиз.
a) чак, тар, кем б) кыска, арык, толук в) кеӊ, семиз, узун г) ичке, толук, жапыз