Размещено 4 года назад по предмету
Кыргыз тили
от nurmiracolponbanva
204) Текстти окугула, жөнөкөй жана татаал баяндоочторду тапкыла. КОСМОНАВТИКА «Космонавтика» сөзүн грек тилинен которгондо «кеме башка- руу» дегенди билдирет. Космос жана космостук учуулар жөнүндөгү илимди К. Э. Циолковский ачкан. Анын ойлорун конструктор с. п. Королёв жетектеген окумуштуулар ишке ашырган. Алар 1957-жылдын 4-октябрында Жердин биринчи жасалма спутни- гин орбитага чыгарган. 1961-жылы 12-апрелде Ю. А. Гагарин биринчи жолу космоско учкан. Дүйнөдөгү биринчи аял космонавт В. В. Терешкова болгон. Ошондой эле космоско Г. Титов, А. Ни- колаев, П. Попович, В. Быковский аттуу космонавттар учуш- кан. Космонавттар космосто узак убакыт болушуп, Ай, Күн, Be- нера жана Марс пла- неталары тууралуу көп жаңылыктарды ачышкан. Бүгүн космос темасын бүткүл дүйнө окумуштуулары изилдеп жатышат. Австрия, Германия, Франция жана КМШ мамлекеттеригелешип, космос сырларын ачышкан. Ушул ачылыштарга биздин ысык-көлдүк жердешибиз Жолдошбай Асангазиевич Бургеевдин салымы чоң. Ал өмүрүнүн акырына чейин космосту изилдөөчү 1-кате гориядагы башкы конструктор болгон. Космос жөнүндө ондогон ачылыштарды жасап, автордук укуктарга ээ болгон. 1986-жылы ал «Эмгектеги артыкчылык медалы менен сыйланган. А. Бур геевдин космосту изилдөөчү приборлору, эмгектери жогору баа лангандыктан «Фобос» жана «Венера-Галилей» аттуу Эл аралык китепке киргизилген.
Ал эми кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов 1998 жылы 22-январь АКШнын «Шаттл» космостук кемеси менен космоско учкан. Ал 2-февраль күнү жерге аман-эсен кайтып келген. Биринчи кыргыз космонавты С. Шарипов «Ак шумкар» өзгөчө белгиси жана Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамы менен сыйланган.