profile
[/banner_gorizont_adaptive]
Размещено 2 года назад по предмету Кыргыз тили от kil1ya1407

"Менин кичи мекеним" эссе, прошу помогите 10-15 предложений хватит ​

  1. Ответ на вопрос
    Ответ на вопрос дан bemkaarmy01

    Ответ:

    ...

    Объяснение:

    "Мекен" деген сөз кыргызда ата-бабанын конушу, балалыктын балдай таттуу учурларын башынан өткөргөн жерди билдирет.

    Менин да өз Мекеним бар. Улуу Жибек жолунда жайгашкан Борбор Азиядагы тоого бай, күнөстүү Кыргызстан.

    Ата Журтубуз эң назик сөздөр менен даңазалоого татыктуу. Ар бир элдин жугумдуу насаат сөзү, каада-салты, эмгеги, сулуулугу, эрдиги, тарыхы болот эмеспи. Кыргызстандын эң баалуу мурасы - бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси.

    Биздин ата-бабаларыбыз урпактарына аскасы булут жамынган кооз тоолорду, дүйнөдө теңдеши жок табияттын бермети - Ысык-Көлдү, түшүм берекеси мол төгүлгөн кулпурган өрөөндөрдү, мөлтүр тоо булактары менен дарыяларды асырап жана нукура кооздукта мурас калтырышты.

    Менин Мекеним - асман тиреген тоолордун, шаркырап аккан суулардын, бийик мөңгүлөрдүн, көз жоосун алган жайыттардын, токойлордун, тунук жана кооз көлдөрдүн жери. Мына ушундай жерде сыйчыл, токтоо жана эмгекти сүйгөн карапайым адамдар жашайт.

    Кыргыздар өзүнүн бай тарыхы, кооз жаратылышы, улуттук кийимдери, каада-салты, музыкалык аспаптары, жада калса ичимдиги менен башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Кыргызстанда канчалаган ойчул, талант ээлери, тайманбас баатырлар, кайраттуу энелер жашап өткөн.

    Ушундай бейиштегидей жерибизде дүйнө жүзүнө белгилүү адамдар эмгектенип, өмүр сүрүшөт. Мен Кыргызстанда төрөлгөнүм үчүн сыймыктанам! Күн сайын эмес, саат сайын өлкөбүздүн гүлдөшүн, экономикабыз өнүгүшүн каалайм.

    Мекендештер, Кыргызстанды сүйөлү жана даңазалайлы!

Не тот ответ на вопрос, который вам нужен?
Найди верный ответ
Самые новые вопросы
tegysigalpa2012
Русский язык - 4 года назад

Помогите решить тест по русскому языку тест по русскому языку «местоимение. разряды местоимений» для 6 класса 1. укажите личное местоимение: 1) некто 2) вас 3) ни с кем 4) собой 2. укажите относительное местоимение: 1) кто-либо 2) некоторый 3) кто 4) нам 3. укажите вопросительное местоимение: 1) кем-нибудь 2) кем 3) себе 4) никакой 4. укажите определительное местоимение: 1) наш 2) который 3) некий 4) каждый 5. укажите возвратное местоимение: 1) свой 2) чей 3) сам 4) себя 6. найдите указательное местоимение: 1) твой 2) какой 3) тот 4) их 7. найдите притяжательное местоимение: 1) самый 2) моего 3) иной 4) ничей 8. укажите неопределённое местоимение: 1) весь 2) какой-нибудь 3) любой 4) этот 9. укажите вопросительное местоимение: 1) сколько 2) кое-что 3) она 4) нами 10. в каком варианте ответа выделенное слово является притяжательным местоимением? 1) увидел их 2) её нет дома 3) её тетрадь 4) их не спросили

Информация

Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.