Размещено 2 года назад по предмету
Кыргыз тили
от jekshenbekovaaisezim
V 150. Сүйлөмдү окуп, адегенде ээ менен баяндоочун тапкыла. Андан кийин сөз айкаштарына оозеки ажыраткыла да, булардын ичинен заттын ар кандай белгисин (сын-сыпатын, санын ж. б.) жана заттын кайсы бир жакка таандык экендигин көрсөткөн сөздөрдү гана өздөрүнүн багындыруу- чу түгөйү менен бирге көчүрүп жазгыла. Алар байланыштын кайсы түрү аркылуу байланышкан сөз айкаштары экен? Булардын кайсы түгөйү анык- тады, кайсынысы аныкталды? Муну кандайча билдинер? Аныктап турган сөздун семантикалык маанисине көңүл бургула. Аныктоочту эмне үчүн баш мүче катары кароого болбойт? 1. Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул, жаман жи- гит уйде мырза, сыртта кул. 2. Бир ата-эне отуз уулду багат, отуз уул бир ата-энени бага албайт. (Мак.) 3. Абыл ушуну менен алты жолу келди. Бирок аны азыр да учура- та алган жок. Ошондуктан досунун мындай кылык-жору- гу аны абдан өкүнттү. («ЛЖ») 4. Турар колундагы комуз- ду мин кубулта чертип, эзелтен эл аздектеп келген күүнү абдан мыкты аткарды. («КМ») 5. Алты аягы бар, эки башы бар, бир куйругу бар. (Таб.) - Атчан киши. 6. Узун-узун уз кетти, узун бойлуу кыз кетти. (Таб.) - Дарыя, суу. 7. Өтө эле зыяндуу бактериялар болот, зыянсыз бактериялар да бар, ошондой эле пайдалуу бактериялар да кеп. Мисалы, бактериясыз жакшы түшүм болушу мүмкүн эмес. («Кызык. бот.») Түш - көңүлдүн толгоосу.