Размещено 1 год назад по предмету
Кыргыз тили
от itsydiiydgid
15. Тике толуктоочторду тапкыла, суроо бергиле. УЛАК ТАРТЫШ Улак тартыш кылымдарды карыткан байыркы оюн. Жоокер- чилик заманда жигиттер тулпар менен кадимки карышкырды куба- лап барып, камчы менен бир салып, талашып, тартышып эрдигин, жалтанбаган көк жалдыгын көрсөткөндүктөн "көк бөрү" аталып кет- се керек. Анын үстүнө “улак тартып” берендер бөрүдөй тийип, көктүгүн, өжөрлүгүн көрсөткөнү себеп болгон го. Элибизде "улак тартыш" “көк бөрү”, “торпок тартуу" деп айтылып, каныбызга, дилибизге сиңип калган. Бул оюнду совет доорунда өгөйлөп, тыюу салган учурлар болгон. Кызыктуулугу, күйөрмандардын канын дүргүтүшү, таасири боюнча спорттун дүйнөлүк түрлөрүнөн кем ка- лышпаган бул оюнду эл аралык аренага да таанытууга болор эле.