profile
Размещено 3 года назад по предмету Кыргыз тили от cheryomuxin1899

дилбаян Чынгыз Айтматов" Кыямат" чыгармасына дилбаян
сочинение на произведение Чынгыза Айтматова "Кыямат" Даю 40 баллов не меньше 150 слов ​

  1. Ответ на вопрос
    Ответ на вопрос дан zeynepkubatbekova

    Ответ:

    «КЫЯМАТ” –  (1986) Ч.  Айтматовдун адабий чөйрөдө  карама-каршылыктуу кызуу талаш-тартыштарды жараткан романы. Чыгарманын аталышы жөнүндө  автор мындай дейт: «Эмне  үчүн «Плаха” деп аталды. Менимче, ал романдын мазмунунан келип чыкты го деп ойлойм. Баталга  –  бул баш алынчу секи же мыйзам окулчу дөбө  гана эмес. Адам  өз өмүрүндө эртеби-кечпи баталгага туш келет. Ал кезде баталгага чыгып барган болот, албетте ал ажалдан тыш, аман-соо эле калат, а кээде чыкпай да калышы мүмкүн. Бул жерде аталыш-баталгага баруу кандай күч, кандай баа менен келээрин, дегеле мындай азап-тозоктуу жолго баруунун мааниси барбы-мына ушул жөнүндө  айтып турат”. «Кыямат” сов. социалисттик системанын ырдоосунун алдында, «кайра куруу”, «айкындуулук” деп аталган мезгилде жазылып жарыкка келди. Соц. реализм принциптеринин негизиндеги советтик адабияттаануу илими  өзгөчө  басым жасап «искусство  –  коомдук аң-сезимдин бир формасы” деп  үйрөтүп келгендей романдын идеялык, тематикалык мазмунунда саясий социалдык багыттуулук негизги орундардын бирин ээлейт. » Кыямат ”  –  ар кандай идеологиялык, коомдук-саясий сенектикти, тоталитардык социалисттик системасын догматикалык принциптерин айыптаган көркөм чыгарма. Романдын сюжеттик-композициялык курулушу жазуучунун мурдагы чыгармаларынан кыйла татаал. Автор романды жазуудагы идеялык-көркөмдүк максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн 20-кылымдын акырындагы реалисттик романдын карамагындагы мүмкүн болгон конструктивдик каражаттардын баарысын пайдаланган. Белгилүү  адабиятчы Г. Гачев романга мистерия да, притча да, турмуш да, айбанаттар жөнүндөгү  эпос да, философиялык  диалог да, реалисттик баяндоо да катышкан «синкреттүү  китеп” деп аныктама берет. Роман  өз-өзүнчө  логикалык башталышка жана  аякталышка эгедер бир нече аңгеме-баяндардан турат. Алар: Акбара менен Ташчайнардын баяны, Авдийдин диний көз караштарынын тарых-таржымалы, нашакорлордун жүрүшү, Обер-Кандаловдун хунтасынын эт планын толтуруу үчүн Моюнкумдагы кыргын чабыты, грузин элинин «Жетинин бири” аңгемеси, Понтий Пилат, Иисус Назарянин жөнүндөгү инжил легендасы, Бостон менен Базарбайдын окуясы. Мына ушул бири-биринен мезгилдик, мейкиндик ар кыл аралыкта турган окуяларды жазуучу бир проблемалык түйүнгө –  башкаруучулук саясаты, бийлик менен коомчулуктун ортосундагы дисгармониянын түпкү себеби болгон адам эркин тушаган идеологиялык сенектик, догматизмдин кесепет натыйжаларын көрсөтүүгө байлайт.

Не тот ответ на вопрос, который вам нужен?
Найди верный ответ
Самые новые вопросы
tegysigalpa2012
Русский язык - 6 лет назад

Помогите решить тест по русскому языку тест по русскому языку «местоимение. разряды местоимений» для 6 класса 1. укажите личное местоимение: 1) некто 2) вас 3) ни с кем 4) собой 2. укажите относительное местоимение: 1) кто-либо 2) некоторый 3) кто 4) нам 3. укажите вопросительное местоимение: 1) кем-нибудь 2) кем 3) себе 4) никакой 4. укажите определительное местоимение: 1) наш 2) который 3) некий 4) каждый 5. укажите возвратное местоимение: 1) свой 2) чей 3) сам 4) себя 6. найдите указательное местоимение: 1) твой 2) какой 3) тот 4) их 7. найдите притяжательное местоимение: 1) самый 2) моего 3) иной 4) ничей 8. укажите неопределённое местоимение: 1) весь 2) какой-нибудь 3) любой 4) этот 9. укажите вопросительное местоимение: 1) сколько 2) кое-что 3) она 4) нами 10. в каком варианте ответа выделенное слово является притяжательным местоимением? 1) увидел их 2) её нет дома 3) её тетрадь 4) их не спросили

Информация

Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.